Франциянын метеорологиялык кызматы 18-июлда өлкөнүн түштүгүндө абанын температурасы рекорддук деңгээлге 40,6 6 градуска чейин көтөрүлгөнүн кабарлады. Италияда Римде 18-июлда абанын температурасы 41,8 градуска жетти.
Европалык басылмалардын маалыматына караганда, Испаниянын Каталониясында абанын температурасы 45 градустан жогору көтөрүлдү. Буга чейинки рекорд 43,8 градус 2019-жылдын июнь айында катталган.
Дүйнөлүк метеорология уюму дүйнөнүн көптөгөн аймактарында 40 градустан жогору абанын температурасы бир нече күнгө созулаарын эскерткен.