Франция Казакстан менен Өзбекстанга согуштук учактарды береби?

Автор

Франциянын “Dassault Aviation” авиакомпаниясы Rafale истребителдерин Казакстан менен Өзбекстанга жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Француз басылмасынын жазганына караганда, аскерий учактарды жеткирүү президент Эммануэль Макрондун ноябрдын башында Астана жана Ташкентке жасаган иш сапарынын темаларынын бири болгон.
Rafale француздук Dassault Aviation компаниясы тарабынан иштелип чыккан төртүнчү муундагы көп максаттуу согуштук учак.
Учак 1986-жылы июлда биринчи учуусун жасап, 2004-жылы Франциянын Аскер-деңиз флоту жана аба күчтөрү тарабынан кабыл алынган.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Профсоюздун мүлкү Президенттин иш башкармалыгына убактылуу алынат

Президент Садыр Жапаров «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Эмгекчилердин жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун санаториялык-курорттук чыңдоону уюштурууну өркүндөтүү, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоону башкаруунун натыйжалуу механизмин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом […]

Сизге жагышы мүмкүн