Франциянын Улуттук Ассамблеясы өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды

Автор

Франциянын Улуттук Ассамблеясы өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды

Франциянын Улуттук Ассамблеясы (парламенттин төмөнкү палатасы) премьер-министр Мишель Барньенин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө чечимин көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Бул чечимге 331 депутат добуш берип, бул үчүн зарыл болгон 289 добуш чеги камсыздалды.
Ишеним көрсөтпөө чечимине байланыштуу премьер-министр жана өкмөт отставкага кетет. Барнье президент Эммануэль Макрон анын ордуна жаңы премьер-министрди дайындаганга чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп кала берет.
Барньенин өкмөтүнө каршы ишеним көрсөтпөө чечиминин себеби – анын кийинки жылга карата бюджетти парламент менен макулдашпай туруп бекитүү чечими болду.
Франциянын Улуттук Ассамблеясы буга чейин өкмөттү кызматтан кетирүү чечимине бир гана жолу жетишкен. Бул 1962-жылы Жорж Помпидунун кабинети ишеним көрсөтпөө добушу аркылуу кызматтан кеткенде болгон.
Президент Макрон 73 жаштагы оңчул саясатчы Мишель Барньени 5-сентябрда премьер-министрликке дайындаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Таяк жеп, пайда менен чыккан байлар

Формула-1 компаниясынын ардактуу президенти Берни Эклстоун вилласынан чыгып, жумушуна баратканда кол салууга учурады. Башына катуу чапканда эс-учун жоготкон. Уурулар анын кымбат баалуу сааты менен алтын шакегин жана мойнундагы чынжырын чечип алышты. Бирок, ал полицияга эмес колундагы Хублот маркасындагы кымбат баалуу сааттын компаниясына кайрылып, жолугушууга барды. Биртоп сүйлөшүүлөрдөн кийин Хублот компаниясы […]

Сизге жагышы мүмкүн