Франциянын лидери Кытайда үч күн болот. Бул сапарга Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйенди чакырды, бирок анын катышуусу Макрон жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен үч тараптуу жолугушуу менен чектелет. Франциянын президенти Си менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кечки тамакта болот.
Макрон Кытайдын премьер-министри Ли Цян жана парламенттин спикери Чжао Лежи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир кезде Кытай лидери Си Чжунсундун атасы жетектеген Гуандун провинциясынын борбору Гуанчжоуга барат.
Француз президентин бул сапарда учак жана поезд өндүрүүчү 60 компаниянын жетекчилери коштоп жүрүшөт. Соода-экономикалык мамилелер сүйлөшүүлөрдүн башкы темаларынын бири.