Франциянын президенти кызматтан кетпей турганын айтты

Автор

Франциянын Президенти Эммануэль Макрон Улуттук жыйын боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун, кызматтан кетүүнү пландабайт. Бул тууралуу ал Le Figaro Magazine басылмасына берген маегинде айтты.
Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен учурда оппозициядагы “Улуттук биримдик” анын отставкасын талап кылышы мүмкүн деген суроого жооп берген Макрон мындай божомолду четке какты. “Улуттук биримдик” конституциянын нормаларын өз каалоосу боюнча чечмелей албайт. Алар жетишерлик так. Президенттин ыйгарым укуктары да так каралган”,-деди Франция лидери.
Буга чейин Макрон Улуттук жыйын боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоонун алкагында кызматтан кетүү мүмкүнчүлүгүн чөйрөсү менен талкуулап жатканы маалымдалган.
9-июнда Макрон Улуттук жыйынды (Франция парламентинин төмөнкү палатасы) таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алды. Шайлоонун биринчи туру 30-июнда, экинчи туру 7-июлда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев каза болду

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, акын, адабий сынчы, Самсак Станалиев дүйнө салды. Бул тууралуу жазуучунун санаалаштары билдирди. Самсак Станалиев 1950-жылы 11-сентябрда Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында туулган. 1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Жазуучунун поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. «Сүйүнчү», «Кыймыл», «Ылдамдык» аттуу поэтикалык жыйнактардын, «Ай […]

Сизге жагышы мүмкүн