Франциянын айрым бөлүктөрүн суу каптады

Автор

Катуу жаан-чачын 23-сентябрь күнү эртең менен жааган. Нөшөрлүү жамгыр Приморск Альпы департаментинде чоң суу ташкындарын пайда кылып, темир жол жана автомобиль жолдорунда абал кыйындады. Бир катар калктуу конуштарда мектептер жабылды.
Каннда бир сааттын ичинде жааган жамгырдан шаар көчөлөрүн суу каптап, машиналарды алып кетип жатканын көрүүгө болот.
Шаар мэри Давид Лиснардын айтымында, жергиликтүү бийлик тарабынан кризистик штаб түзүлгөн. Суу каптоонун кесепеттери менен муниципалдык кызматтар күрөшүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Жакында Бишкекте «Алтын күз» айыл чарба жарманкеси өтөт

Үстүбүздөгү жылы 18-20-октябрь аралыгында Бишкек шаарында республикалык «АгроТехЭкспо-2024» агроөнөржай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба азыктарынын жарманкесин өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, «АгроТехЭкспо-2024» бул Кыргызстандагы дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүргөн ишканалардын техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын сунуш […]

Сизге жагышы мүмкүн