Францияда добуш берүү аяктады: Ашынган оңчулдар алдыда келе жатат

Автор

Жекшемби, 30-июнда Францияда парламенттик шайлоонун биринчи туру өттү. Алгачкы жыйынтыктарга ылайык, Марин Ле Пен жана Жордан Барделла башында турган «Улуттук биримдик» 34 пайыз добуш менен алдыда келе жатат. Экинчи орунда 28,1 пайыз добуш менен солчул альянс «Жаңы Элдик Фронт» турат. Ал эми президент Макрондун борборчулары 20,3 пайыз добуш топтоду.
Бүгүнкү биринчи турдан кийин эки алдыңкы талапкер экинчи турга өтөт. Айрым учурларда үчүнчү талапкер дагы жетиштүү добуш топтосо өтүшү мүмкүн. Алдыдагы апта абдан маанилүү болот.
Экинчи турдан кийин, кийинки жекшембиде, Франция кийинки парламенттин курамын билип, негизги суроого жооп алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Селден улам 195 миң киши көчүрүлдү

Кытайдын чыгышындагы Аньхой аймагында жамгыр 811 миң жергиликтүү тургунга таасир тийгизип, 195 миңи көчүрүлдү. 30-июнда Кытайдын эң узун суу Янцзы дарыясынын Аньхой аймагындагы суу деңгээли кооптуу чектерден жогору көтөрүлүүдө. Катуу жааган жамгырлар аймактагы дагы 19 дарыянын суу деңгээлинин кооптуу чектерден жогору көтөрүлүшүнө алып келди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн