ФИФА 2024-жылдагы дүйнөнүн эң мыкты футболчусун атады

Автор

“Реал Мадриддин” жана Бразилия курама командасынын чабуулчусу Винисиус Жуниор ФИФАнын The Best аземинде 2024-жылдын мыкты футболчусу деп табылды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бразилиялык футболчу төмөнкү атаандаштарынан алдыга озуп кетти: Жуде Беллингем, Килиан Мбаппе, Даниэль Карвахаль, Федерико Вальверде (бардыгы Реал Мадрид), Лионель Месси (Интер Майами), Ламин Ямал (Барселона), Эрлинг Холланд, Родри (экөө тең Манчестер Сити), Флориан Виртц («Байер Леверкузен») жана пенсияга чыккан Тони Кроос.
Бул сыйлык оюнчулардын 2023-жылдын 21-августунан 2024-жылдын 10-августуна чейинки көрсөткүчтөрүн эске алды. Жеңүүчү курама командалардын капитандары менен машыктыруучуларынын, күйөрмандардын жана ММК өкүлдөрүнүн добуш берүүсү аркылуу аныкталды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Мигранттардын эл аралык күнү!

1990-жылы 18-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган. 10 жылдан кийин, 2000-жылдын 4-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы Мигранттардын эл аралык күнүн белгилеп, аны жыл сайын 18-декабрда белгилөө чечимин кабыл алган (55/93 резолюция). Мындай чечим акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча мигранттардын […]

Сизге жагышы мүмкүн