ФИФА футболчулар үчүн расизм менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасын ойлоп тапты

Автор

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жакында өз турнирлеринде расизмге каршы катуу чараларды көрөт. Бардык ассоциациялар өздөрүнүн дисциплинардык кодекстерине расизм үчүн санкциялар боюнча беренени киргизиши керек жана оюнчулар атайын ишарат менен мазактоолорду көрсөтүүгө укуктуу деп жар салышты.
Дүйнөнүн башкы футбол органы бардык улуттук федерацияларды дисциплинардык мыйзамдарына расизм үчүн санкциялар боюнча жаңы пунктту, анын ичинде беттешти токтотууну киргизүүгө мажбурлайт.
Бул эрежелерге ылайык, зомбулукка кабылган оюнчу эми атайын ишарат көрсөтүү менен калыска кабарлай алат. Эгерде оюнчулардан ушундай үч аракет жазылса, оюн токтотулат.
Кошумчалай кетсек, ФИФА улуттук өкмөттөр менен биргеликте мектептердеги расизмди жоюу боюнча билим берүү программаларын жайылтууну пландоодо. Расизмге каршы күрөшүү боюнча комиссия түзүү пландалып анын курамына экс-футболчулар кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Милиция жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырат

Азыркы учурда мессенжерлердеги группаларга белгисиз адамдар мушташта жабыркагандар бар деген жалган маалымат таратып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарында чет элдик жарандар Кыргызстандын бир жаранын ур-тепкиге алып жаткан видео тараган. Буга байланыштуу жаштар митингге чыгып жатканын жазышкан. Бишкек […]

Сизге жагышы мүмкүн