ФИФА футболго көк картанын киргизилиши тууралуу үн катты

Автор

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) футболго көк карта киргизилери тууралуу үн катты. Тагыраак айтканда оюнчу атайылап эреже бузууга барса же матчтын расмий өкүлү менен макул болбосо, оюн талаасынан 10 мүнөткө четтетилет деген буга чейинки маалыматтарга жооп кайтарды.
ФИФА футболдун элиталык деңгээлинде көк карта деп аталган маалымат туура эмес жана эрте экенин белгиледи. “ Мындай тестирлөө, эгерде ишке ашырылса, төмөнкү деңгээлдеги жоопкерчиликтүү тестирлөө менен гана чектелиши керек. ФИФА бул күн тартибиндеги маселе 2-мартта IFABдын жылдык жалпы жыйынында талкууланганда дагы кайталоого ниеттенүүдө “, – деп айтылат ФИФАнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия Кубогу финалы: Эртең “Иордания-Катар” беттешет

Эртең, 10-февралда Азия Кубогунун финалдык оюну өтөт. Финалда 16 команданын ичинен суурулуп чыккан Иордания жана Катар курама командалары беттешет. Иордания өз тарыхында биринчи жолу финалга чыкты. Ал эми Катар 2019-жылы да чемпиондукту жеңип алган. Иордания менен Катар буга чейин 17 жолу беттеш өткөргөн. Анда 10 оюнду Катар жеңсе, беш оюнда […]

Сизге жагышы мүмкүн