ФИФА рейтинги: Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы 43-орунда турат

Автор

Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясы(ФИФА) 2024-жылы Өзбекстанда өтө турган дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча дүйнөнүн футзал боюнча эркектер курамаларынын рейтингин жарыялады.
Эскерте кетсек, турнир 2024-жылдын 14-сентябрынан 6-октябрына чейин Өзбекстанда өткөн. Бразилия курама командасы финалда Аргентинаны (2:1), ал эми үчүнчү орун үчүн беттеште Украина Францияны 7:1 эсебинде жеңип, алтынчы ирет дүйнө чемпиону аталды.
Жаңы рейтингдин алдыңкы ондугуна Бразилия, Португалия, Аргентина, Испания, Казакстан, Иран, Марокко, Орусия, Украина жана Франция кирген. Өзбекстан — 21, Афганистан — 30, Тажикстан — 42.
Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Тажикстан менен Гватемаланын ортосундагы рейтингде 43-орунда (минус 2).
Футзал боюнча ФИФАнын буга чейинки рейтинги 2024-жылдын 11-сентябрында жарыяланган. Буга чейин аны Futsal Planet порталы түзгөн. Азыр ФИФА футзалдын популярдуулугунан улам аны өз алдынча жетектеп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

15-октябрда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет туруксуз аба ырайы 18-октябрга чейин созуларын эскертти. 15-октябрда өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жамгыр менен шамал болору күтүлүүдө. Чүй облусунда — түнкүсүн +1…+6, күндүз +3…+8 Таласта — түнкүсүн -3 градус сууктан …+2 жылуулука чейин, күндүз +3…+8 […]

Сизге жагышы мүмкүн