ФИФА рейтинги: “Ак шумкарлар” 4 позицияга абалын жакшыртты

Автор

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде 4 позицияга абалын жакшыртып, 100-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти
Кыргызстандын улуттук курамасынын капчыгында 1213,6 упай бар.
Ал эми Азия футбол конфедерациясынын зонасында улуттук курама 17-орунду ээлейт.
Рейтингде биринчи орунду дагы эле Аргентина курамасы ээлеп турат. Экинчи орунда француздар. Бельгиянын курама командасы ТОП-3кө кирсе, британиялыктар төртүнчү орунга түштү.
Ошондой эле ТОП-10до: Бразилия, Португалия, Нидерланды, Испания, Италия жана Хорватия. 11-орунда АКШ турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Губернаторду жарадар кылышты

Мурманск облусунун губернатору Андрей Чибиске Апатити шаарында өткөн жыйындан кийин кол салуу болду. Анын курсагына бычак сайылган. Маалым болгондой, куралдуу аракет губернатор жарандарды жеке кабыл алып жаткан жергиликтүү маданият үйүнүн чыга беришинде болгон. Кылмышкер дароо кармалган. Окуядан кийин ал унаага өз алдынча жетип, операциялык бөлмөгө жеткирүү учурунда эсине келип, берилген […]

Сизге жагышы мүмкүн