ФИФА рейтинги: “Ак шумкарлар” бир сапка жогору көтөрүлдү

Автор

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир сапка жогору көтөрүлүп, 96-орунга жайгашты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

21-сентябрда ФИФА дүйнөдөгү футбол боюнча улуттук курама командалардын тизмесин жаңылады.

Кыргызстандын улуттук курама командасы 208 команданын ичинен 96-орунга жайгашты. Буга чейин “Ак шумкарлар” 95-орунда келе жаткан.

Ал эми тизменин башында Аргентина, Франция жана Бразилия курамалары жайгашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Нарынга кар жаады

Нарын облусунда аба ырайы бузулуп, ашууларга кар жаап жатат. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Долон ашуусунда кум-шагыл себүү жумуштары жана 1 авто грейдер, 1 даана самосвал, 1 даана ХОВО кар тазалагыч менен тазалоо иштери жүрүүдө. “Ошондой эле башка ашуулардагы абал жана Соң-Көл, Ак-Сай, Арпа сыяктуу алыскы жайлоолордогу […]

Сизге жагышы мүмкүн