ФИФА: Лионель Месси 2023-жылдын мыкты оюнчусу аталды

Автор

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) аргентиналык чабуулчу Лионель Мессини 2023-жылдын мыкты оюнчусу деп жарыялады. Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 15-январда Лондондо өттү.

Бул категорияда ФИФАнын сыйлыгына англиялык «Манчестер Ситинин» норвегиялык чабуулчусу Эрлинг Холанд жана ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе да талапкер болушкан. Месси менен Хааланд 48 упайга ээ болгон, бирок аргентиналык курама команданын капитандарынын ичинен эң көп биринчи орундардын аркасында жеңишке жетишти.
Лионель Месси үчүн бул сыйлык анын карьерасындагы 44-си болду, бул ага тарыхтагы эң көп медаль алган футболчулардын тизмесинин сап башында болууга мүмкүндүк берди.
Англиянын “Манчестер Сити” клубунун машыктыруучусу испаниялык Пеп Гвардиола 2023-жылдын мыкты машыктыруучусу болуп тандалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуучулардын «Тулпар» картасын башка адамдар колдонууга болбойт. Айып салынат

Коомдук транспортту колдонуу үчүн мектеп окуучулары айына 360 сом жаңы баада “Тулпар” жашыл картасын сатып ала алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп окуучуларына арналган жеке “Тулпар” карталарын башка адамдар колдоно албайт. Эгерде карта башка адам тарабынан колдонулуп жаткандыгы аныкталса, карта конфискацияланып, колдонуучуга айып салынат. “Бул окуучулар үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн