ФИФА: Кыргызстандын футзал курамасы 41-орунду ээледи

Автор

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) расмий сайтында футзал боюнча улуттук курамалардын тарыхтагы алгачкы рейтингин жарыялады. Кыргызстандын командасы 41-орунду ээлеп, дүйнөнүн эң мыкты 50 командасынын катарына кирди.
Акшумкарлардын капчыгында 1091,36 упай бар. Алдыңкы бештикке Бразилия, Португалия, Испания, Иран жана Аргентина кирген.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн командалары:
Кыргызстан 10-орунда,
Казакстан 8-орунда;
Өзбекстан 11-орунда;
Тажикстан 33-орунда;
Түркмөнстан 66-орунда.
Рейтингде жалпысынан 139 команда бар.
Эске салсак, буга чейин улуттук курамалардын рейтингин futsalworldranking.com сайты чыгарып келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Россияга келди ( коштоп кеткендер)

Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына келди. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев; — тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; — президенттин администрациясынын тышкы саясат […]

Сизге жагышы мүмкүн