Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино уюмдун каржылык резерви төрт миллиард доллардан ашык экенин билдирди.
“Мен келгенде ФИФАнын резерви бир миллиард доллар болчу. Азыр ал дээрлик 4 миллиард доллардан ашты. Бул биз футболду өнүктүрүүгө көбүрөөк каражат жумшай алабыз дегенди билдирет”, – деп билдиргендигин ТАСС агентиги жазды.
Эске салсак, шейшемби күнү, 16-мартта Руанданын борбору Кигали шаарында ФИФА конгрессинин 73-жыйыны өтүп, анда Инфантино уюмдун башчылык кызматына кайрадан шайланды.