ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 106-орунду ээледи

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде дагы төрт тепкичке артка кетип, 106-орунду ээледи. Жаңыланган тизме эл аралык федерациянын сайтында жарыяланды.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы дагы төрт позицияга төмөндөдү. Рейтингде 210 команда бар. Алдыңкы бештикке Аргентина, Франция, Испания, Англия жана Бразилия кирген.
ФИФАнын улуттук курама командаларынын рейтинги, 19-сентябрь (ТОП 10):
Аргентина – 1889.02.
Франция — 1851,92.
Испания – 1836,42.
Англия – 1817.28.
Бразилия – 1772.02.
Бельгия — 1768.14.
Нидерланды – 1759,95.
Португалия – 1752.14.
Колумбия – 1738,72.
Италия — 1726,3
Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын командасы бир орунга төмөндөп, 17-орунда турат.
Эске сала кетсек, сентябрь айында Кыргыз курама командасы Азия зонасында 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо этабынын эки оюнун өткөргөн. Ал эки беттеште тең утулуп калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 20-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 20 тыйын болсо, сатуу 84 сом 60 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 27 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн