Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино биринчи жолу Кыргызстанга келди.
Ардактуу конокту “Манас” эл аралык аэропортунда Кыргыз футбол бирикмесинин (КФБ) башчысы Медербек Сыдыков тосуп алды.
Кыргызстанга болгон биринчи сапарында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда.
Жолугушуулардын алкагында эл аралык спорт уюмдун КФС демилгелерин колдоо, тактап айтканда, өлкөдөгү футболдук инфраструктураны жакшыртуу жана атамекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.