Фин музыканттары Израилди Евровидение сынагынан четтетүүнү талап кылды

Автор

Финляндиядан келген 1400дөн ашык музыкант Yle улуттук телерадиокомпаниясынан Израилди 2024-жылкы «Евровидение» музыка сынагына катышууга тыюу салуу үчүн Европа телерадиоберүү биримдигине кысым көрсөтүүнү талап кылган петицияга кол коюшту.
Европа телерадиоберүү биримдиги Израилге катышууга уруксат берген учурда петициянын авторлору Yleден сынакка бойкот жарыялоону жана Евровидениеге фин өкүлүн жибербөөнү талап кылышат.
Yle Украинадагы согуштан улам Россияны “Евровидение-2022” сынагына катышуудан четтетүүнү биринчилерден болуп талап кылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте "акылдуу" жол чырактар иштей баштады

Бишкектин Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде “акылдуу” жол чырак орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, “акылдуу” жол чырактардын өзгөчөлүгү – автомобилдердин агымын автоматтык түрдө эсептейт жана жөнгө салат, электр энергиясы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетет, энергиялык натыйжалуулугу жогору (сутканын убактысына жараша жарыктык деңгээлин автоматтык түрдө […]

Сизге жагышы мүмкүн