НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Финляндия 4-апрелде расмий түрдө Түндүк Атлантика альянсына мүчө боло турганын билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн НАТОго кирүүсү боюнча бардык процедуралар аяктаган.
«Бул тарыхый жума. Эртең биз Финляндияны Түндүк Атлантикалык альянстын 31-мүчөсү катары тосуп алабыз, бул Финляндия менен НАТОну күчтүү кылат»,-деди Столтенберг.
Финляндия 2022-жылы май айында Швеция менен бирге НАТОго кирүүгө арыз берген.