Финляндия Россияга жакын жерде машыгууларды баштады

Автор

Финляндияда Россиянын чек арасына жакын жерде 2,8 миң аскер кызматкери катышкан кургактагы аскердик машыгуулар башталат.
Машыгуулар 30-ноябрдан 4-декабрга чейин Каяани жана Кухмо шаарларынын Вуосанка жана Сотинпуро полигондорунда өткөрүлөт. Бул полигондор Финляндиянын чыгышында, Россиянын чек арасына жакын жайгашкан. Машыгууларга болжол менен 2,8 миң аскер кызматкери жана 600 даана аскердик жана транспорттук техника катышат. Негизги багыты – аскерлерди чабуулга жана коргонууга даярдоо, душмандын чабуулун токтотуп кармоо үчүн согуштук операцияларды жүргүзүү, түнкү шарттарда согушуу аракеттерине даярдоо болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Келерки жылы “Дели – Бишкек - Дели” жаңы каттамы ачылат

2025-жылдын 15-февралынан тартып Бишкектен Индияга түз аба каттам ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аээропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, аэропорттун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов IndiGo Airlines (Индия) компаниясынын вице-президенти менен жолугушуп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулаган. Жыйынтыгында алар келерки жылы 15-февралдан тартып Дели – Бишкек — […]

Сизге жагышы мүмкүн