Азыр Түндүк Атлантика альянсына 31 мамлекет кирет.
Финляндия расмий түрдө НАТОго кошулду. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымында, өлкө НАТОнун 31-мүчөсү болду.
НАТОго мүчө мамлекеттер Финляндиянын Түндүк Атлантикалык Кеңешке кошулуусу боюнча протоколдорго 2022-жылдын 5-июлунда кол коюшкан. Акыркы болуп Венгрия менен Түркия болду.
Шар Апр 5 , 2023
2036-жылы жайкы Олимпиада оюндары Берлинде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Германиянын Социал-демократиялык партиясынын жана Христиан-демократиялык союзунун коалициясы билдирди. Биргелешкен билдирүүдө: «Коалиция 2036-жылы Жайкы Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндардын Берлинде өткөрүүгө талапкер катары көрсөтүүгө даяр экенин ырастайт», – деп айтылат. Эске салсак, кийинки үч жайкы Олимпиада оюндары Парижде (2024), Лос-Анжелесте (2028) жана Брисбенде […]