Финансылык сабаттуулук – бул мүмкүн болгон финансылык кесепеттерди билип, финансылык билимин практикада колдонуу үчүн зарыл маалыматтарды алууга, түшүнүүгө жана баа берүүгө адамдын жөндөмдүүлүгү болуп саналат.
Адам жашоосунда көптөгөн чечимдерди кабыл алат жана ошол чечимдер адамдын жашоосуна таасир тийгизет. Чечимдер ар дайым туура болбой калышы мүмкүн. Көп учурда туура чечим кабыл алыш үчүн адамга туура маалымат керек. Изилдөөлөргө ылайык финансылык чечимдер эң эле оор болот экен. Буга кошумча, бул чөйрөдө көптөгөн алдамчылар бар, ошол эле финансылык пирамидалар элдин акчасын уурдап жатышат. Карызга акча алуучулар өз укуктарын жана жоопкерчиликтерин толук түшүнбөстүгү үстү-үстүнө кредит алуу көйгөйүнө алып келет.
Ошондуктан, Финансылык сабаттуулук туура финансылык чечимдерди кабыл алуу жана акыры жеке финансылык бакубаттуулукка жетүү үчүн керек.
Финансылык сабаттуулук:
— Адам карыз албай жашоосу үчүн;
— Мээнет менен тапкан акчасын алдамчыларга (финансылык пирамидаларга) тарттырып жибербөөсү үчүн;
— Финансылык кызматтарды/продукттарды колдонууда өзүнө көбүрөөк пайда боло тургандай колдонуусу үчүн керек.
Эң негизгиси, финансылык сабаттуулук адамдын финансылык бакубаттуулугуна жол ачып ал болсо өз кезегинде бактылуулукка шарт түзөт. Бактылуулуктун бир бөлүгү финансылык ресурстардын жетиштүү болуусунда экенин талашсыз.
Үй-бүлө финансылык сабаттуулук боюнча эмнелерди билүү керек?
Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү финансылык сабаттулук 21-кылымдагы критикалык жашоо көндүмү катары белгиленгенин билүү керек. Ошондуктан, ата-энелер өзүлөрү да үйрөнүп балдарына эртерээк үйрөткөнү жакшы болот.