1928-жылы 12-декабрда дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов туулган. Андан улам жыл сайын 12-декабрь Улуттук адабияттын күнү деп белгиленет. “Манас” дастаны Кыргыз маданиятынын туу чокусу болсо, ал эми Айтматов адабиятыбыздын туу чокусу деп айтылат. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш чарасы болуп өтөт. Ага президент, депутаттар, жазуучулар жана коомдук, саясий ишмерлердин катышуусу күтүлүүдө.