Физиология же медицина боюнча Нобель сыйлыгы микроРНКнын ачылышы үчүн ыйгарылды

Автор

Америкалык Виктор Эмброс жана Гэри Равкан 2024-жылы физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары болушту. Сыйлык микроРНКны ачканы жана анын генди жөнгө салуудагы ролун изилдегени үчүн ыйгарылды. Бул көп клеткалуу организмдер, анын ичинде адамдар үчүн зарыл болуп чыкты.
Генетик Виктор Эмброс менен Гэри Равкандын көпчүлүк изилдөөлөрү молекулярдык биологияга арналган. Виктор Эмброс 70 жашта. Ал Массачусетс университетинин Вустердеги профессору. Ал эми 72 жаштагы Гэри Равкан Гарварддагы кесиптеши.
Сыйлыктын өлчөмү 11 миллион швед кронун түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Тажикстандын футбол боюнча курама командасы Орусия менен беттешүүдөн баш тартты

Тажикстандын Футбол федерациясы Орусия улуттук курама командасы менен ноябрда боло турган жолдоштук беттешинен баш тартты. ТАСС агенттиги кабарлагандай, Тажикстандын футбол федерациясы Россиянын футбол союзу сунуш менен 2024-жылдын июнь-июль айларында чыкканын, бирок тажик командасынын үйүндө ноябрга белгиленген башка беттештери бар экенин билдирди. 7-15-октябрга чейин Орусия курама командасынын кезектеги машыгуулары өтөт. Орусия […]

Сизге жагышы мүмкүн