Физика боюнча Нобель сыйлыгы машина үйрөнүү ыкмаларын иштеп чыккандарга ыйгарылды

Автор

2024-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары америкалык Жон Хопфилд жана британиялык Жеффри Хинтон болушту. Сыйлык заманбап машиналык үйрөнүүнүн негизги принциптерин иштеп чыгууга ыйгарылды.
Нобель комитетинин пресс-релизине ылайык, Жон Хопфилд маалыматтарды, сүрөттөрдү жана башка түрдөгү үлгүлөрдү сактап жана калыбына келтире алган ассоциативдик эстутумду түзгөн.
Жеффри Хинтон сүрөттөрдөгү белгилүү элементтерди аныктоого жардам берген ыкманы ойлоп тапкан.
«Компьютерлер ойлонгонду билбесе да, машиналар эми эс тутум жана үйрөнүү сыяктуу функцияларды туурай алышат. Быйылкы физика боюнча лауреаттар муну мүмкүн кылышты. Физиканын негизги концепциялары менен ыкмаларын колдонуп, алар маалыматты иштетүү үчүн тармактык түзүмдөрдү колдонгон технологияларды иштеп чыгышты»,-деп белгиледи Нобель комитети.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең Кыргызстан менен Катардын футбол курама командалары беттешет

Эртең, 10-октябрда Доха шаарында Кыргызстан менен Катардын футбол курама командаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, беттеш 44 миң көрүүчү бата турган “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Машыгууларга жалпы 30 оюнчу чакырылып, кеңейтилген тизмеге кирген. Алар Сауд Арабиянын Жидда шаарында октябрда өтө турган […]

Сизге жагышы мүмкүн