Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов бозгундагы экс-президент Курманбек Бакиевдин маеги боюнча пикирин билдирди. Ал “албетте, анын абалына суктанууга болбойт. Өзүн реабилитация кылууга аракет жасаганы анын укугу”,- деген. Феликс Кулов Тынычбек Акматбаевдин өлүмү, ошол кездеги митингдер, кримминалдар жөнүндө кеңири маек куруп, Рысбек Акматбаевдин Ала-Тоо аянтына боз үй тигип, өкмөттүн отставкасынын талап кылганын жөнүн айтып берген.
Феликс Кулов 1992-1993- жылдары вице-президент, 2005-2007-жылдар аралыгында премьер-министр болгон.