Февралда аба ырайы кандай болот?

Автор

Кыргызгидромет агенттиги февраль айында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болорун божомолдоп жатат.
Ага ылайык, келерки айда жаан-чачындын айлык көлөмү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында нормага жакын, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында климаттык нормадан арбын болору күтүлүүдө.
Чүй облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болуп, 0…-2 градус суук болушу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -2…-4 градуска төмөн болушу мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан -2 …+3 градуска чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал. Кээ бир түндөрү абанын температурасы -16 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.
Талас облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, -1…-3 градуска төмөндөй турганы божомолдонду. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан -2…+3 градуска чейин жетет. Күндүз -1…4, 5…10 градусту көрсөтсө, айрым түндөрү сууктун күчү -16 градуска чейин жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу, айрым жерлерде нормадан төмөн болушу күтүлөт.
Ош облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, 2…4 градус жылуу болушу, тоо этектеринде -0…-2 градуска төмөндөөрү айтылды. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, 1…6 градус, кээ бир түндөрү абанын температурасы -6…-11 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2 … +3, 8…13 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу божомолдонду.
Жалал-Абад облусу
Абанын айлык орточо температурасы 1…1,5 жана 2…4 градус, тоо этектеринде -0…-2 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен 1…6 градуска чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Кээ бир түндөрү -6…-11 градуска чейин төмөндөсө, күндүз -2 … 3 жана 8…13 градусту көрсөтөт. Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10, кээде -4…+1 градус болсо, күндүз 0…-5, 1…6 градуска жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.
Баткен облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, 2…4 градус жылуу болушу, тоо этектеринде -0…-2 градус суук болушу мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, 1…6 градуска чейин, кээ бир түндөрү -6…-11 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз -2… +3, 8…13 градус жылуу болсо, айрым күндөрү 20 градуска чейин ысыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.
Ысык-Көл облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, -1…-3 градус суук, чыгышында -4…-6 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 градустан -3 … 2 градуска чейин өзгөрүлүп турса, чыгышында кээ бир түндөрү сууктун күчү -9…-14 градуска жетет. Күндүз абанын температурасы 0…5, 6…11 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу, айрым жерлерде нормадан төмөн болушу күтүлөт.
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болуп, -9…-11 градус, Кочкор районунда -4…-6 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде түнкүсүн -10…-15 градустан -2…-7 градуска чейин төмөндөйт. Кээ бир түндөрү сууктун күчү -18…-23 градуска жетет. Күндүз абанын температурасы -3…-8, 1…6 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы. Кочкор районунда түнкүсүн -6…-11 жана 0…-5 градус болсо, күндүз -2… 3, 4…9 градуска чейин жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Акча тууралуу кызыктуу фактылар

Ар кайсы өлкөлөрдө акча ар башкача. Адамдар аларды товарларды жана кызматтарды сатып алуу жана сатуу үчүн колдонушат. Негизи, бул акчанын маңызынын кыска, бирок сыймыктуу аныктамасы. Бирок адамзат мурда, эски күндөрдө, банкнотторду жана монеталарды ойлоп тапканга чейин колдонбогон нерселерин билесиңерби? 1. 100 долларлык банкноттордогу миллион АКШ долларынын салмагы болжол менен 10 […]

Сизге жагышы мүмкүн