Фамилия тандоо. Мыйзам долбоору II окууда кабыл алынды

Автор

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Үй-бүлө кодексине, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга)” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Нурланбек Тургунбек уулу, Аманкан Кенжебаев демилгелеген.
Мыйзам долбоорун Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү Жылдыз Садырбаева тааныштырды. Ал белгилегендей, бул өзгөртүүлөрдүн негизги максаты кыргыз салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияларды тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.
Баяндамачы белгилегендей, комитет мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Мирлан Самыйкожонун төмөнкү сунушун да колдоду: “- эркек балдар үчүн «уулу» жана кыз балдар үчүн «кызы» деп кошуу менен, же аларды кошпостон баланын атасынын аты боюнча жазылат, же болбосо эркек жынысындагы балдар үчүн илик жөндөмөсүнүн мүчөсү (дын/тын, дин/тин, дүн/түн ж.б.) жана аял жынысындагы балдар үчүн чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (дан/тан, ден/тен, дөн/төн ж.б.) атасынын атына уланып чогуу жазылат. Бул учурларда балага баланын атасынын аты берилбейт”.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттин кылмыш иши прокуратурага өткөрүлүп берилди

Түштүк Кореянын Коррупцияга каршы иликтөө башкармалыгы кызматтан четтетилген президент Юн Сок Ёлдун ишин прокуратурага өткөрүп берди. Бул чечим тергөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган. Бул кадам тергөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берери менен түшүндүрүлдү. Анткени шектүү төңкөрүш уюштуруу боюнча олуттуу айыптоого карабастан, азыркы күнгө чейин тергөө менен кызматташпай жатат. Кылмыш ишине […]

You May Like