3 жылдын ичинде мамлекеттин пайдасына чегерилген каражаттын суммасы 120 млрд сомду түзөт. Ал эми уюшкан кылмыштуу топтордун бюджеттин эсебине өткөн мүлктөрүн кошкондо 220 млрд сом болоорун министрлер кабинетинин төрага орун басары Камчыбек Ташиев билдирди. Учурда мамлекеттин колунда криминалдардан алынган батирлер бар экендиги, алар мамлекеттик ипотекалык кредит аркылуу жөнөкөй адамдарга берилээри белгилүү болду.