Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында мамлекеттик бюджетке 50 миллиард сом кайтарылган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул каражатка Камчы Көлбаев, Кадыр Досонов, Чыңгыз Жумагулов, Эркин Мамбеталиев жана башка уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнөн камакка алынган мүлктөр кирет.
“Бир кыйла көлөмдөгү мүлк, анын ичинде ири дүкөндөр камакка алынды. Буга чейин бир нече пансионаттар, спорттук комплекстер сатылып кеткен”, — деп белгиледи Камчыбек Ташиев.
Ал ошондой эле учурда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор дээрлик калбаганын баса белгиледи.