Учуу учурунда учкучтар уктап калышкан

Автор

Индонезиянын Batik Air авиакомпаниясынын учкучтары Кендари шаарынан борбор калаа Жакартага учуп баратканда уктап кетишкен. Учак зыянга учурабаганы менен багытынан чыгып кеткен. Кырдаалды өлкө бийлиги иликтеп жатат.
Индонезиянын Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук комитети белгилегендей, алар 28 мүнөт укташкан. Учакта 153 жүргүнчү жана 4 стюардесса болгон. Алардын эч кимиси жабыркаган жок, бирок учак багытынан чыгып, навигацияда каталар кеткен.
Авиакомпаниянын CNN телеканалына билдиришинче, учаар алдында экинчи учкуч капитанына жакшы эс албаганын айткан. Бийиктикке жеткенде капитан өзү бир аз эс алууга уруксат сурап, андан соң башкарууну экинчи учкучка өткөрүп берген. Бирок экинчи учкуч да кокустан уктап калган. Диспетчерлер учак менен байланышууга аракет кылышкан, бирок, жооп болгон эмес. Болжол менен 28 мүнөттөн кийин командир ойгонуп, учак туура эмес траекторияда баратканын түшүнгөн.
28 жаштагы экинчи учкуч да бул окуядан бир аз мурда эгиз балалуу болгонун, аялына жардам берип, чарчаганын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркиядагы мелдеште кыргызстандык балбандар 6 алтын, 7 коло медаль утту

Түркияда 7-10-мартта өткөн Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде кыргызстандык балбандар 13 медаль утту. Байгелердин алтоо алтын, жетөө коло. Алтын уткандар: Айсулуу Тыныбекова (62 кг, кыз-келиндер күрөшү) Айпери Медет кызы (76 кг, кыз-келиндер күрөшү) Жоламан Шаршенбеков (60 кг, грек-рим күрөшү) Улукбек Жолдошбеков (65 кг, эркин күрөш) Бекзат Алмаз уулу (57 […]

Сизге жагышы мүмкүн