Учурда Газа секторунда согуш жүрүп жатат

Автор

 

Хамас бүгүн таң атпай 5 миң ракета менен Израилди аткылады.

Башкы офиси Тел-Авивде жайгашкан “12-Телеканал” Хамас уюмунун аскерлери Газа секторун өз көзөмөлүнө алды деп билдирүү таратты. Алдын ала маалыматтар боюнча Хамас 30дан ашык Израил аскерин туткундаган. Өлгөндөрдүн саны 198, жаралуулар 1600 киши. Премьер-министр Бенжамин Нетаньяху “Израил аскерлери мекенин душмандан коргоо үчүн согушка аттанды”,- деди. Ушул тапта Газа секторунун айланасында айбыгышкан согуш жүрүп жатат.

Согуш Иран Ислам Республикасына чейин чачырашы мүмкүн экендиги айтылууда.

Ал эми Хамастын согуштук аракеттерин алдын алалбаган Моссад сынга кабылды.

Моссад – Израилдин коопсуздук кызматы. Ал Кытайдын Синхуа, Орусиянын ФСБ, АКШнын ФБР жана Түркиянын МИТ коопсуздук кызматтарынын деңгээлинде иш алып барат.

Бөлүшүү:
Next Post

“Мадина” базарынын ээси кармалды

Жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы делген Турсунбай Салимов УКМК тарабынан кармалды. Ал уюшкан топ түзгөн же ага катышкан деп шектелүүдө. Турсунтай Салимов СДПК партиясынын экс-депутаты, “Мадина” базарынын ээси. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн