Учкучсуз учак Москванын аймагындагы имаратты сүздү

Автор

Абадан коргонуу системалары Москва облусунда жана Москвада эки учкучсуз учакты атып түшүргөнүн шаардын мэри Сергей Собянин билдирди.

«Ушул түнү Москва облусунун Можайск районунда абадан коргонуу күчтөрү учкучсуз учакты атып түшүрдү. Экинчи учкучсуз учак шаарда курулуп жаткан имаратты сүзгөн. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы жөнөтүлдү. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок»,-деп жазган ал.

Кийинчерээк Коргоо министрлиги чабуулга үч учкучсуз учак катышкан, дагы бирөө Химки аймагында атып түшүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар кызматы “Ситидеги” имарат бир аз зыянга учураганын,  жакын жердеги эки беш кабаттуу үйдүн терезелери сынганын айтты.

Борбор калаанын аэропортторундагы чабуулдун фонунда учактарды учуруу жана кабыл алуу убактылуу токтотулду. Каттамдар кечигүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Самбо боюнча Дүйнө кубогунда Улуттук команда 7 медаль жеңди

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдештин алгачкы күнү спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 кг, 65 кг, 72 кг […]

Сизге жагышы мүмкүн