Учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктарга кенемте төлөнөөрү айтылды

Автор

Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган учакта аман калган кыргызстандык үч жаранга кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Ага ылайык, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги кенемте төлөө маселесинин үстүндө иштеди, жакынкы арада анын суммасы анык болот жана жабыркагандарга берилет.
Элчилик ошондой эле кыйраган учак таандык болгон «Азербайжан аба жолдору» компаниясынын өкүлдөрү менен да байланышып, компания тарабынан камсыздандыруучу кенемтени төлөө маселесин талкуулап жактаны кабарланды.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШнын 39-президенти 100 жашында дүйнөдөн кайтты

АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер 100 жаш курагында көз жумду. АКШнын президенти Жо Байден жана шайланган өлкө башчысы Дональд Трамп 39-президент Жимми Картердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтышты. Жо Байден Картерди мыкты лидер жана гуманист деп атады. Ал эми Дональд Трамп «Жимми Картардын америкалыктардын жашоосун жакшыртууга болгон аракеттери үчүн бардыгы […]

Сизге жагышы мүмкүн