Бүгүн, 30-декабрда Казакстандын Актау шаарындагы учак кырсыгынан жабыркаган 3 кыргызстандык Бишкек шаарындагы ооруканага Тез жардам кызматы аркылуу жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
«Аларды алып келе жаткан учак Бишкек шаарынын “Манас» эл аралык аэропортуна 30-декабрга караган түнү саат 02:52де конду. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 25-декабрда Мангыстау облусунда «Актау» эл аралык аэропортунан 3 чакырым алыстыкта Embraer 190 учагы кырсыкка учураган. Учак Баку – Грозный багыты боюнча учуп бара жаткан. Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Учакта Азербайжан, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын жарандары бар болгон. Кырсыктан 38 адам каза болуп, 29 жаран ооруканага жеткирилген.