Учак кулаган жерден төрт адамды суудан чыгарышты

Автор

Вашингтондогу Рейган атындагы аэропорттун жанындагы Потомак дарыясында куткаруу операциясы жүргүзүлүп, суудан төрт адам чыгарылып, алар ооруканага жеткирилди.
Кырсыкка учураган учактын бортунда 64 адам болгон. Алардын ичинен 60ы жүргүнчү, 4ү экипаж мүчөлөрү экенин авиакомпания билдирди.
29-январда саат 21:00дө American Airlines үчүн каттам аткарган PSA Airlines авиакомпаниясынын Bombardier CRJ700 учагы конууга аракет кылып жатканда, абада Sikorsky H-60 аскердик тик учагы менен кагылышкан. Окуядан кийин аэропорт ишин убактылуу токтотту.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда кызамык оорусу боюнча абал курч бойдон калууда

Учурда өлкөдө кызамык оорусу боюнча абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ооругандардын негизги өсүшү Бишкек шаарында байкалууда, анда вирус стационардык очоктордо байланышта болгондор арасында активдүү жайылып жатат. “Акыркы жылдары балдарды эмдөөдөн баш тартуу учурлары көбөйүп жатат. Бул көрүнүш балдардын ден соолугуна олуттуу коркунучтарды жаратууда. […]

You May Like