Asiana Airlines авиакомпаниясынын учагынын эшиги учуу маалында ачылып кетти. Өзгөчө кырдаал учурунда учакта 194 адам болгон.
Чеджу аралынан учуп чыккандан кийин учак Сеулдан 237 чакырым түштүк-чыгышты көздөй Дегу шаарына (Түштүк Корея) багыт алып, коноор алдында капысынан эшик ачылып калган. Көп өтпөй учак эшиги ачык абалда ийгиликтүү конду. Андан соң милиция кызматкерлери 30 жаштагы жүргүнчүнү кармашкан. Ал аба кемесин конууга даярдап жатканда эшикти сындырууга аракет кылганга шектелүүдө.
Окуя учурунда эч ким жабыркаган жок, бирок 9 адам ооруканага жаткырылды Шок абалда алардын дем алуусу начарлай баштаган.
Жүргүнчүлөрдүн арасында 48 башталгыч жана жогорку класстын спортчулары болгон.
Вице-мэр Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына карата иш козголду
Жум Май 26 , 2023