Урсула фон дер Ляйен экинчи мөөнөткө калат: ЕБте жогорку жетекчилик кызматтарга талапкерлер макулдашылды

Автор

Учурда Европа Комиссиясынын башчысы болуп турган Урсула фон дер Ляйен экинчи мөөнөткө калат. Чечимди кечээ консервативдик Европа элдик партиясынын (ЕПП), социал-демократтардын жана либералдардын сүйлөшүүлөрүндө катышкан тараптар кабыл алышты. Фон дер Ляйенди шайлоо үчүн ага дагы Европарламенттин колдоосу керек болот. Жаңы курамынын негиздөөчү жыйын июлдун ортосунда Страсбургда өтөт. Сүйлөшүүлөргө катышкан алты европалык өлкөнүн лидерлери жетишкен макулдашууга ылайык, Европа Кеңешинин жаңы төрагасы болуп Португалиянын мурдагы өкмөт башчысы Антониу Кошта болот. Ал Шарль Мишелдин ордун ээлейт. Эстониянын азыркы премьер-министри Кая Каллас Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлүнүн кызматын ээлейт. Ал Жозеп Боррелдин ордун басат. Европа Комиссиясынын расмий сайтына ылайык, Урсула фон дер Ляйен Европа Комиссиясынын башчысы болуп саналат. Ал Европа Кеңешинин жыйындарында, G7 жана G20 саммиттеринде, ЕСке кирбеген өлкөлөр менен саммиттерде, ошондой эле Европарламенттеги жана Кеңештеги негизги дебаттарда комиссияга өкүлчүлүк кылат.
Бул кызматта 2019-жылдан бери турат. Ага чейин 6 жыл бою Германиянын коргоо министрлигин жетектеген. Өзүнүн саясий карьерасын өткөн кылымдын 90-жылдарында баштаган.

Бөлүшүү:
Next Post

3 падышанын доорун көргөн Айша эне

Айша Байры 126 жашында. Ал 3 падыша жана 12 президенттин доорун көрдү. Учурда Түркиянын Амася шаарындагы Сулуова районунда жашайт. 5 уул, кызы жана 20 небереси бар. 1898-жылы Амася шаарында туулган. “Апам өз алдынча баса алат. Эс тутуму да жайында. Азырынча ден соолугу чың. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, кабар алып турушат”,- […]

Сизге жагышы мүмкүн