Урсула фон дер Ляйен Киевге келди

Автор

Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен иш сапары менен Киевге келди. Ал сегизинчи жолку сапары кышкы жылытуу мезгилинин башталышына туш келгенин белгиледи. Киевдеги жолугушууларда фон дер Ляйен Украинада кышка даярдыкты талкуулаганы жатат.
«Мен бул жакка Европанын колдоосун талкуулаганы келдим. Кышка даярдыктан тартып коргоо жаатына, Евробиримдикке кошулуу маселесинен тартып Жетилик топтун насыялары боюнча»,-деп жазды Еврокомиссиянын башчысы X социалдык тармагында.
Бир күн мурда фон дер Ляйен Евробиримдик Украинага алдыдагы кыш мезгилинде энергетикалык объектилерин калыбына келтирүүгө жардам берерин билдирген. Анын айтымында, бул иш энергетикага болгон муктаждыктын 15 пайызын камсыздоо үчүн жасалууда.
Жылытуу мезгилине даярдык үчүн Еврокомиссия Украинага энергетикалык объектилерин калыбына келтирүүгө 160 миллион евро бөлүп берет. Анын 100 миллион евросу Россиянын тоңдурулган активдеринен алынган кирешелерден берилет.
Буга чейин Украинанын энергетика министри Герман Галущенко өлкө тарыхтагы эң оор кышка туш болушу мүмкүн экенин айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандан алтын куймаларын мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды

Кыргызстандан алтын куймаларын тиешелүү документтери жок мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти Маалыматка ылайык, 17-сентябрында «Кең-Булуң» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Казакстандын аймагына бараткан «Лексус 470» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулду. Аны текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн тиешелүү документтери жок, жалпы салмагы 3,3 кг алтын куймалары жашырылган жай […]

Сизге жагышы мүмкүн