Урматтуу мугалимдер, окуучулар, сүйүктүү ата-энелер!
Сиздерди өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Отуз эки жыл мурун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларациясы» кабыл алган.
Декларацияга ылайык, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, суверендүү, демократиялык мамлекет болуп жарыяланган. Бул майрамда баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо каалап, туруктуу өнүгүү жолунда бараткан өлкөбүздө тынчтык, бейпилдик болушуна тилектешмин.
Нурлан Кудайбердиев, “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемелеринин президенти