Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык атаандашы Роман Власовду жеңип алды.
Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашты. Эки балбан тең атаандашына белин алдырбай 1:1 эсебинде күрөштү аяктады. Акыркы упайды Акжол Махмудов алганы үчүн жеңиш ага берилди.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону