Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф ал-Кудра Израилдин Газа тилкесин бомбалоосу учурунда урап түшкөн имараттардын урандыларынын астында 1200 киши болушу мүмкүн экенин билдирди.
“Палестин бийликтери Газадагы имараттардын урандылары астында дайынсыз жоголгондор тууралуу 1,2 миң чалууларды каттады”,-деп белгиледи.
“Биз алардын көбү тирүү деп үмүттөнөбүз” деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү.