Унут калган уңгулуу салт: Ак жоолук байланган түндүк

Автор

Маркумдун кара ашы аяктап, келген эл тарай баштады. Байбиче , жыйналган боз үйдүн түндүгүнө АК ЖООЛУК байлап, бошогон казандарга МАЙ ТОМУРУП,БООРСОК УУЧТАП салды да, жигиттерге кайрылып : — “Эрте күндү кеч кылбай ээлерине жеткирип бергиле, деди.
Эне, эмнеге түндүкө ак жоолук байлап, бошогон казанга тамак салышты ? — деди, энесине учкашып бараткан тестиер кыз.
Аа,кызым элибизде ушундай салтыбыз бар.
— Ак даарысын,Ак жалгасын, жамандык ушу жерде калсын,деп Ак тилек менен ,кара ашка тигилген боз үйдү ээсине АКТАП кайрып беришет.
— казаныңар какшыбасын ,майлуу сүттүү болуп, кырына чейин мелт калт толуп, берекеси ашып ,кайнаса ташып турсун деп,ырымдайт. Кыргызда,ээсине калдыратып бош идишти кайтарышпайт, Кызым.
Кыргыздын кылым карыткан
салттарынын бири.Бүгүн да элибизде,айрыкча элетте карманып келишет.
Билип жүргөнүбүз абзел.
Сүйүнбек Касмамбетов Нарк куржундан

Бөлүшүү:
Next Post

Бакыт гормондору: Алардын деңгээли эмнеден көз каранды жана аны кантип көбөйтүү керек?

Бакыттын гормону деген эмне? Гормондор адамдын организминин ар кандай бездери тарабынан өндүрүлгөн биологиялык активдүү заттар. Алар кан аркылуу өтүп, дененин көптөгөн функцияларында маанилүү ролду ойношот. «Гормон» термини гректин «кыймылдатуу», «индукциялоо» деген сөзүнөн келип чыккан жана бул «химиялык кабарчылардын» функцияларын так аныктайт. Адамдын эндокриндик системасы гормондорду канга бөлүп чыгаруучу бир катар […]

Сизге жагышы мүмкүн