Ундун кымбатташы парламентте көтөрүлдү

Автор

Өткөн аптадан тарта Казакстандан келген ундун баасы көтөрүлө баштаган. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитет жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу нандын кымбатташы боюнча маселе көтөрүп, тиешелүү органдарды чара көрүүгө чакырды.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Айбек Мамыралиев кымбаттоонун башкы себебин түшүндүрүп,  бардык чараларды көрүп, өкмөткө сунуштарды бергендигин айткан.

Белгилей кетсек, жаз айында  Улуттук статистика комитети 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттаганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров менен Эрдоган АКШда  эмнелерди  талкуулады?

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселесине токтолушту, […]

Сизге жагышы мүмкүн