Улуу Британияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо башталды.
40 миңге жакын шайлоо тилкелери жергиликтүү убакыт боюнча 22:00гө чейин иштейт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча палатанын 650 мандаты бөлүштүрүлөт. Көпчүлүк орундарды алган партиянын лидери королдун уруксаты менен премьер-министрлик кызматка дайындалып, өкмөттү түзүү укугуна ээ болот.
Жыйынтыктар 5-июлга чейин белгилүү болору күтүлүүдө.
Көлбаевдин туугандарына катталган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Бей Июл 4 , 2024