“Улуттук электр тармагынын” директорунун орун басары кармалды

Автор

Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкан “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААК жетекчилигинин коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталган.
Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголду .
Бир тендерге аудит жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсынын кызмат адамдары КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын одно бузуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүшкөн. Ошентип, бир гана тендер боюнча 25 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.
Иш боюнча табылган далилдердин негизинде КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директорунун орун басары, 1992-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Соттун чечими менен 1992-жылы туулган А.А. нын баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалып, эки айга камалды.

Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Мугалимдердин иштен кетиши боюнча министрлик үн катты

Билим берүү жана илим министрлиги Т.Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде мугалимдердин иштен кетиши боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин маалыматына таянып маалымат берди. Маалыматка ылайык, 2-сентябрынан тарта Т. Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде ийрим иштеринин 34 жетекчиси жана 9 мугалим өз каалоосу менен иштен бошогон. […]

Сизге жагышы мүмкүн