Бишкекте 2012-жылы төрөлгөн футболчуларды Улуттук футбол академиясына тандоо болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тандоо туруна өлкөнүн ар кайсы аймактарында 423 жаш футболчу катышып, акыркы тандоого 52 оюнчу чакырылды.
Академия базасында үч күндүн ичинде ылдамдык жана эптүүлүк боюнча тесттер, машыгуулар жана оюн көнүгүүлөр өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – техникалык жана тактикалык жөндөмдөрү менен бирге, физикалык даярдыгы, командалык иштөө жөндөмү жана жогорку деңгээлде ойноо үчүн зарыл болгон сапаттарга ээ мыкты футболчулар аныкталды.
Жыйынтыгында, 23 мыкты жана таланттуу футболчу тандалып, Бишкектеги Улуттук футбол академиясынын базасында даярдыктарын улантат.
Белгилей кетсек, бул тандоо акыркы эмес. Келечекте кошумча тандоолор жана жаңы кароолор өткөрүлөт. Бул машыктыруучуларга мыкты оюнчуларды так аныктоого жана алардын өнүгүүсүн көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
“Ал эми азыр тандалбай калган футболчулар дагы келечекте Улуттук футбол академиясына кабыл алынууга мүмкүнчүлүк алышат”,-деп айтылат маалыматта.