Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы директор дайындалды

Автор

Нурбек Букуев Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев эмгек жамаатына тааныштырды.
Анда министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Бейшеналиев Нурбек Букуевдин жетекчилиги астында борбордун позициясы бекемделип, дарылоонун алдынкы ыкмаларын киргизилип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөрүнө ишеним билдирди.
Белгилей кетсек, Нурбек Букуев кесиби онкогинеколог, ушул борбордун онкология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Ал 1982-жылы туулган. КРСУда да онкология жана нур терапиясы кафедрасынын доценти болуп иштейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ирандын президенти Сириядагы абал боюнча Путинге жолугат

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жакында Россиянын президенти Владимир Путин менен Сириядагы окуяларды талкуулоо үчүн жеке жолугушуу өткөрөрүн билдирди. Бул тууралуу IRNA агенттиги өзүнүн X платформасында жазды. Буга чейин Путин ирандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн. Анда саясатчылар Сирияда абалдын курчуп кетишине көңүл бурушкан. Бул кырдаалды «террордук топтордун масштабдуу агрессиясы» […]

Сизге жагышы мүмкүн