«Улуттук биримдик» партиясы жеңишке жетти

Автор

Марин Ле Пендин оңчул партиясы Франциядагы парламенттик шайлоолордун биринчи турунда жеңишке жетти. «Улуттук биримдик» партиясы 33,4 пайыз добуш топтоду. Экинчи орунга 27,98 пайыз добуш менен солчул блок «Жаңы элдик фронт» жайгашты. Үчүнчү орунду президент Эмманюэль Макрондун «Бирге» коалициясы 20,76 пайыз добуш менен ээледи. Шайлоого катышуу 66,81 пайыз болуп, 2002-жылдан бери Франциядагы парламенттик шайлоолор үчүн рекорддук көрсөткүч болду.
Жалпысынан парламентте 577 орун бар. Франциянын Улуттук жыйынына шайлоолордун экинчи туру 7-июлда өтөт.
Шайлоонун биринчи жыйынтыктары жарыялангандан кийин миңдеген адамдар өлкөнүн аянттарына чыгышты. Алар «Улуттук биримдик» партиясынын жеңишине каршы чыгышты. Демонстрациялар өлкөнүн башка шаарларында да өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

2-июль: Көпчүлүк аймакта жамгыр жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 2-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарында жаан нөшөрлөп жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, […]

Сизге жагышы мүмкүн